31- Июль 1962 -жылы
Америкалык актёр Уэсли Снайпс туулган
Америкалык актёр Уэсли Снайпс Флорида штатында, Орландо шаарында туулган. Сахналык искусстволор мектебинин бий, вокал жана сахнада сүйлөө курстарын аяктаган. Нью-Йорк штатындагы университетте окуп искусство боюнча бакалавр дипломун алган. Университеттен кийин жарнамаларга тартылып, театрларда ойногон. 1987-жылы Майкл Жексондун "Bad" ырынын клибине тартылган. 1989-жылы "Жогорку Лига" комедиясына, 1990-жылы "Нью-Йорк падышасы", "Жүргүнчү 57", "Кыйраткыч" тасмаларына тартылган. Акыркы эки тасмасы аны атактуу кылып, "Бир түндүк жолугушуу" аттуу тасмадагы ролу үчүн Венециандык "Volpi Cup" кинофестивалынын "мыкты актёр" наамына ээ болгон.