1- Декабрь 1800 -жылы Вашингтон шаары АКШнын борбору статусуна ээ болгон
Вашингтон шаары АКШнын борбору статусуна ээ болгон. Америка революциясы бүткөн соң бир нече штаттар жана андагы шаарлар АКШнын борбору анын аймагында болуш керектигин айтышкан.

1790-жылы 16-июлда АКШ Конгресси Потомак дарыясынын үстүнө 26 чарчы чакырым аянты бар шаарды салуу тууралуу чечим чыгарган. Куруу иштери боло турган жерди туңгуч президент Жорж Вашингтон тандаган. Жаңы борбордун аймагын Колумбия округу деп, ал эми шаардын өзүн президенттин урматына Вашингтон деп аташкан. Жаңы шаардын планын иштеп чыгуу менен аскер инженери Пьер Ланфан алектенген.

Конгресс жана өкмөттүк мекемелер Филадельфиядан Вашингтонго көчүрүлүп келгенден кийин, 1800-жылы 1-декабрда Вашингтон АКШнын борбору макамына ээ болгон. Вашингтондо АКШнын президентинин резиденциясы, Конресстин имараттары, Жогорку Сот жана башка федералдык мекемелер жайгашкан. Ошондой эле борбордо Улуттук илимдер академиясы, Ботаникалык бакча жана Смитсонов институту, 5 жогорку окуу жай, жүздөгөн музей орун алган.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан