3- Апрель 1987 -жылы
"Келин" сериалында Сугнанын жолдошу Шиямдын ролун жараткан актёр Викрант Массей туулган
Индиянын "Келин" аттуу сериалында Сугнанын жолдошу Шиямдын ролун жараткан Викрант Массей Индиянын Нагпур шаарында жарык дүйнөгө келген. Викрантты актёр катары гана эмес, профессионал бийчи катары да көрүүгө болот. Ал түрдүү шоулорго хореограф катары чыгат. Викрант Массей алгачкы сериалына 2007-жылы тартылып, дебют жасаган. Ага атактуулукту алып келген дал ушул "Келин" сериалындагы Шиямдын ролу болгон. Ал эми 2013-жылы актёр "Lootera" аттуу тасмага тартылып, Болливудда дебют жасаган.