Индиянын "Келин" аттуу сериалында Басанттын жубайы Генанын ролун жараткан индиялык актриса, модель, бийчи жана ырчы Неха Марда Индиянын Батыш Бенгалия өрөөнүндө жарык дүйнөгө келген. Неха ата-энесинин жалгыз баласы. Ал бенгал тилинде эркин сүйлөйт. Бийге болгон кызыгуусунан улам 8-9 жашында эле бир нече бийди үйрөнүп алган. Актриса көп учурда съёмкадан бошобогондугуна байланыштуу бий шоуларынан баш тартат. Неха Марданын жеке жашоосуна кайрылсак, ал 2012-жылы индиялык бизнесмен Аюшман Агарвалга турмушка чыккан.