1- Январь 1969 -жылы Индиялык актёр Сатяжит Шарма туулган
Индиянын "Келин" аттуу сериалында Басанттын ролун жараткан кино, театр, жана теле актёр Сатяжит Шарма 1969-жылы жарык дүйнөгө келген. 1991-жылы Делидеги университетти аяктап, англис тилинин бакалавр даражасын алган. Ал эми 1994-жылы Улуттук драма мектебин бүтүргөн. Бир нече убакыт телевидение тармагында жарнамалык роликтерди жасап иштеген. Теле жана кино жаатында 10го чукул чоң долбоордо роль жараткан. "Келин" сериалынын айрым күйөрмандары актёрдун сериалдагы персонажын өздөрүнүн сүйүктүү каармандарынын катарына кошушкан. Актёр драма, комедия, криминал жанрындагы бир нече фильмде роль жараткан. Алсак, 2003-жылы "Түнкү ачылуулар" ("Ночные откровения"), "Тагдыр сызыктары" (Росчерки судьбы), 2006-жылы "Дон. Мафия башчысы" ("Дон. Главарь мафии") жана 2009-жылы комедия жанрындагы "Атаке" ("Папочка") аттуу тасмаларда аткарган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан