Индиянын "Келин" аттуу сериалында Жагдиштин апасы Сумитранын ролун жараткан индиялык актриса Смита Бансал Жайпур шаарында төрөлгөн. Актрисанын карьерасы телевизиондук сериалдардан башталган. Анын дебюттук эмгеги болуп 2008-жылы жарыкка чыккан "Karzzzz" сериалы эсептелет. Смита "Келин" сериалындагы Сумитранын ролу үчүн "Indian Telly Award" сыйлыгынын "Экинчи пландагы аялдын мыкты ролу" номинациясы боюнча сыйлыкка ээ болгон.