1- Август 1997 -жылы
Индиялык актёр Авинаш Мукержи туулган
Индиянын "Келин" аттуу сериалында Жагдиштин жаш курагын ойногон Индиялык актёр Авинаш Мукержи салттуу бенгал үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Кичинесинен актёр болгусу келген. Кийин Мумбай шаарына көчүп келишкенде, мектептен билим алып, жарнамалык роликтерге да тартылууга мүмкүнчүлүк алган. Авинаш дебюттук тасмасында Фархан аттуу мусулман баланын ролун жараткан жана актёр үчүн бул ролду аткаруу кыйынга турган. Себеби, актёр бул сериалда башка тилде сүйлөшү керек болгон. Ал эми "Келин" сериалындагы Жагдиштин ролуна 12 баланын арасынан тандалып алынган. Бул сериалдан соң Авинаш Индияда "сымбаттуу актёр" атка конуп, "Жаңы жылдыз" сыйлыгына ээ болгон. Актёр азыркы учурда "Sanskar Dharohar Apno Ki" аттуу сериалда роль жаратууда (2015).