26- Июль 1968 -жылы Франциялык актёр Фредерик Дифенталь жарыкка келген
Люк Бессондун "Такси" комедиялык тасмасында полиция кызматкери Эмильендин ролун жараткан Франциялык актёр Фредерик Дифенталь Франциянын Сен-Манде шаарында жарык дүйнөгө келген. 15 жашында окуусун таштап, кара жумуштарда иштей баштаган. 1991-жылы "Тотальная слежка" фильмине тартылып, дебют жасаган. Актёрдун тасма талаасындагы чоң ролдорунун бири 1995-жылы тартылган "Милая Франция" тасмасы болгон. Ал эми "Такси" тасмасындагы ролу үчүн актёр "Сезар" сыйлыгынын "эң мыкты жаш актёр" наамына ээ болгон. 2012-жылы Фредерик Россиядагы "Carte Noire" компаниясынын жарнамалык жүзү болгон. Компаниянын жарнамаларында актёрдун орус тилинде сүйлөөрүн көрүүгө болот.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан