5- Декабрь 2014 -жылы
эң семиз адам Кит Мартин каза болгон
Улуу Британияда дүйнөдөгү эң семиз адам Кит Мартин каза болгон. 444 килограмм салмагы менен "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген 44 жаштагы Кит Мартиндин өлүмүнө пневмония себеп болгон. Ага мындан 8 ай мурун операция жасалып, ашказанынын көлөмү кичирейтилген. Мартин өзүнүн семиздигине, тамакты көп жешине өмүр бою өзүн күнөөлөп келген. "Менин мындай болушума өзүм гана күнөөлүүмүн. Эч ким менин башыма тапанча такап, мынчалык көп тамак жешимди талап кылган жок",- деп билдирген ал маектеринин биринде. Мартин иштөөгө жөндөмсүз гана эмес, өз алдынча кыймылдай алчу эмес. Ал үйлөнгөн да эмес.