Фонограф - үн жана дабыштарды чыгаруучу жана жазуучу алгачкы прибор. Мындай приборду ойлоп табууга Эдисондун өзүнүн телефондук сүйлөшүүлөрүн жаздырып калуу каалоосу түрткү болгон. Эдисондун алгачкы фонографы үн чыкканда айланган цилиндрге оролгон фольгага ийне менен түшүрүлгөн. Публикага бул фонографты тартуулаган Эдисон атактуу болуп, айрым адамдар аны сыйкырчы дешкен. 1877-жылы 7-декабрда ойлоп тапкан фонографын граммофонго өзгөртүп, эл алдына алып чыккан.