26- Февраль 1984 -жылы түркиялык актриса Берен Саат туулган
"Тыюу салынган сүйүү", "Фатмагүлдүн күнөөсү эмне?" аттуу түрк сериалдарынан улам таанылган түркиялык актриса Берен Саат Анкара шаарында спортчулардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Берен Анкаранын жогорку колледжинен билим алып, андан соң Билкент университетинин менеджмент  факультетине тапшырган. Актриса вокалдан сабак алып, англис, испан тилдерин үйрөнгөн. Берен Саат актрисалык карьерага жаш актёрлор менен болгон таймаштарды жеңип отуруп келип калган. Дебюттук ролун телевидениеден алган, бирок муну менен анча популярдуу боло алган эмес. Ага чыныгы популярдуулукту "Тыюу салынган сүйүү" сериалындагы Бухтердин ролу алып келген. Берен Саат азыркы учурда компаниялардын да жарнамалык жүзү. Жеке жашоосунда белгилүү түрк ырчысы Кенан Догулунун жубайы.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан