23- Июль 1989 -жылы
Актёр Дэниэл Рэдклифф төрөлгөн
"Гарри Поттер" фильминин бардык бөлүгүндө башкы каарман Гарри Поттердин ролун жараткан англиялык кино-театр актёру жана үй-бүлөсүндөгү жалгыз уул Дэниэл Рэдклифф Фулхэмде жарык дүйнөгө келген. Актёрдук өнөргө 5 жашынан кызыгып, мектептеги постановкаларда маймылдын ролун жаратчу. Дэниэл актёрдук боюнча 2 жеке мектептен билим алган. Актёр £ 150 000 фунт стерлингдик гонорарга "Гарри Поттер" тасмасынын биринчи бөлүгүнө тартылып жатканда "Sussex House School" аттуу окуу жайда окучу. Досторунун көрө албастыгынан Дэниэл бул окуу жайды таштоого аргасыз болгон. Актёр өзүнүн 21-жайын Санкт-Петербург шаарында тоскон жана Орусиядагы күйөрмандары үчүн Биринчи каналдын "Прожекторперисхилтон" долбоорунун бир чыгарылышында конок болгон. Дэниэл крикет спортун жакшы көрөт, кээде Том Фелтон менен бирге Англия курамасынын матчтарына барып турат. 2008-жылы актёр диспраксиядан жабыркаары аныкталган, мунун айынан ал бут кийиминин боосун байлай албайт жана еврей экенине сыймыктанат.