19- Июнь 1984 -жылы Түркиялык актриса Бирче Акалай туулган
Актриса Бирче Акалай Стамбул шаарында жарык дүйнөгө келген. Бирче искусстводон алыс адамдардын үй-бүлөсүндө өскөн, тагыраагы, апасы - үй кожойкеси болсо, атасы - жалданма жумушчу болуп иштеген. Каарманыбыз 4 жашынан баштап балет менен алектенген. Мектепте окуп жүргөндө балет консерваториясына даярдоочу атайын ийримге барып жүргөн. Акалай балет искусствосун үйрөнүүгө 13 жылдык өмүрүн берген. Бирок жогоруда айтылган консерваторияга балалыгынан мүмкүнчүлүгү чектелгендиктен өтө албай калган. Бирче жашоону сүйгөндүктөн жана оптимисттик мүнөзгө ээ болгондуктан, буга капаланбай, актриса болууну чечкен. 2003-жылы Стамбулдагы театралдык университетке тапшырып, мыкты көрсөткүчтөр менен аяктаган. 2004-жылы Бирче сулуулук сынактарына катышып көрүүнү чечип, "Түркия сулуусу" сынагында 3-орунду багындырган. Андан соң ага телеканалдардан сунуштар түшүп, 2004-2007-жылдары спорттук программаларды алып барып эмгектенген. Актриса кинематография тармагында 2007-жылы жарыкка чыккан "Тагдыр" сериалына тартылып, дебют жасаган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан