12- Декабрь 2014 -жылы Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов кызматтан бошотулган
Кыргызстандын эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов кызматтан бошотулган. Алиясбек Алымкулов министрлик кызматта 2010-жылдан бери иштеп келген. Анын ишине караганда жүрүм-туруму коомчулукта катуу талкууланып келген. Кызуу кандуулугу үчүн парламент депутаттарынан оозеки эскертүүнү көп алган. Ага байланыштуу чыр акыркы жолу 2014-жылы өкмөттүн августтагы жыйынында чыккан. Алымкулов ошол кездеги ички иштер министри Абдулда Суранчиевди "ММКларга жалган маалымат берүүдө" деп айыптап, ага "Сен эмне, президентсиңби? Сен эмес, бизде президент Алмазбек Атамбаев. Жүр, эшикке чык, эркекче сүйлөшөбүз!" деген эле. Суранчиев муну министрдин аялынын МАИ кызматкерлерине кармалышы менен байланыштырган. "Бир апта мурун жол эрежесин бузганы үчүн МАИ кызматкерлери Алымкуловдун аялын кармашкан. Ал мага телефон чалды. Мен Жол-кайгуул кызматынын башчысы Талант Исаевге чалып, кырдаалды териштирүүнү тапшырдым. Тил табыша албай калган өңдүү",- деген Суранчиев.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан