14- Декабрь 1942 -жылы
Ташкент шаарына жакын жерде АНТ-20 учагы жерге кулап түшүп талкаланган. Учактагы 36 киши көз жумган
Ташкент шаарына жакын жерде АНТ-20 учагы жерге кулап түшүп талкаланган. Учактагы 36 киши көз жумган. 1942-жылы 12-декабрда АНТ-20 учагы Өзбекстандын Үргөнч шаарынан Түркмөнстандын Чаржоу аймагына каттам жасаган. Ал эми 14-декабрда учак Ташкентти көздөй учуусун улантат. Анын бортунда экипаждын 10 мүчөсү жана 26 жүргүнчү болгон. Учактын аэропорттон учуп чыкканынан 2 саат 10 мүнөт өтүп, Ташкентке жетүүгө 50-90 чакырым калганда 500 метр бийиктиктен жерге кулап түшүп, толугу менен кыйраган. Жыйынтыгында учактагы адамдардын баары көз жумган. Кырсык экипаждын катасынан улам келип чыккандыгы аныкталган.