Италияда жумушчулар эмгек базарын реформалоого жана үнөмдөө чараларынын киргизилишине каршы массалык түрдө иш ташташкан. Профсоюздар мамлекеттик жана жеке секторлордун кызматкерлерин, атургай өкмөт акцияга катышууга тыюу салган темир жол жумушчуларын да иш таштоого чакырган.
Алардын нааразычылыгын жаңы “Эмгек тууралуу акт” жараткан. Бул акт ишке кабыл алуу жана бошотуу процедураларын жеңилдетип, жумушсуздарга төлөнүүчү жөлөкпулду көбөйткөн.
Маттео Ренцинин өкмөтү бул мыйзамдын кабыл алынышы эмгек базарын жаңылантат деп эсептегени менен оппозиция жана профсоюздар мыйзам эмгекчилердин укугун бузат деп баалашкан.