83 жашында айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Ильяс Ботбаев каза болгон. Профессор Ботбаев өлкөдөгү айыл чарба тармагындагы эң көрүнүктүү окумуштуулардын бири болгон. Анын жетекчилиги алдында мал чарбачылыгы боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүп, кой жана эчкинин бир нече жаңы породасы пайда болгон. Бул үчүн окумуштуу СССРдин мамлекеттик сыйлыгына ээ болгон. Акыркы жылдары ал Улуттук Илимдер академиясында эмгектенип келген.