7- Январь 2015 -жылы Үч террорчу "Charlie-Hebdo" сатиралык журналынын кеңсесине кирип, 12 адамды атып кетишкен
Саат 11:00 чамасында Франциянын борбору Париж шаарында террордук акт орун алган. Анда үч террорчу "Charlie-Hebdo" ("Шарли-Эбдо") сатиралык журналынын кеңсесине кирип, 12 адамды атып кетишкен. Теракттын жүрүшүндө 30дан ашуун ок атуу болгон. Айрым журналисттер имараттын чатырына чыгып, окуяны видеого тартышкан.
Террорчулар "Аль-Каида" уюмунун мүчөлөрү, алардын аттары Саид Куаши, Шериф Куаши жана 18 жаштагы Хамид Мурад экени айтылган.
"Шарли-Эбдо" сатиралык журналы саясатчыларды мазактап келгени менен белгилүү болгон. Ошондой эле ал буга чейин ислам дини жана Мухаммед пайгамбарга карата карикатураларды өз барактарында чыгарган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан