8- Январь 1962 -жылы
төкмө акын, обончу Майра Керим кызы туулган
Төкмө акын, обончу Майра Керим кызы Алматы облусунун Кеген районундагы Жылуу-Сай айылында туулган. 2009-жылы рак оорусуна чалдыгып, катуу оорудан улам 18-августта каза болуп, Тоң районунун Ак-Сай айылына коюлган. Төкмө акын эл аралык көптөгөн сыйлыктарды жеңген жана 50дөн ашык обондун ээси. Майра Керим кызынын 252 ыры бар. Айрыкча “Жар керек”, “Сени сүйгөн бир адам бар” деген сыяктуу ырлары Кутман Жолдошевдин аткаруусунда ыр сүйүүчүлөрдүн жүрөгүнөн орун тапкан.