8- Январь 1954 -жылы акын жана котормочу Карбалас Бакиров туулган
Акын жана котормочу Карбалас Бакиров Токтогул районуна караштуу Кызыл-Өзгөрүш айылында туулган. 1971-жылы Өзгөрүш орто мектебин бүтүрүп, бир жыл чабан болуп иштеген. 1972-1977-жылдары Киев шаарында Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1975-1979-жылдары Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетинде окуган.
1979-1992-жылдары Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун алдындагы үгүт бюросунун корреспонденти, 1992-2000-жылдары "Кыргыз Туусу" гезитинде маданият жана искусство бөлүмүнүн башчысы, 2000-2003-жылдары "Кыргыз патентте" (Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттик) котормочу болуп эмгектенген. 2003-жылдан тартып "Эркин-Тоо" гезитинде маданият, адабият жана искусство бөлүмүнүн башчысы болуп иштей баштаган.
2005-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Бир нече поэзия фестивалдарынын лауретаы. Алгачкы ыры 1969-жылы "Кыргызстан пионери" гезитине жарыяланган.
2003-2006-жылдары Түркиянын Сивас, Элазыг шаарларында өткөн Түрк тилдүү өлкөлөрдүн акындарынын эл аралык жолугушуусунун жана "Хазар поэзия кечтери" фестивалынын катышуучусу.
1992-жылдан бери Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан