8- Январь 1983 -жылы Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын туулган
Түндүк Кореянын башчысы, Түндүк Кореянын саясий, мамлекеттик, аскердик жана партиялык кызматкери, Түндүк Корея элинин жана армиясынын, партиянын лидери, Корея элдик армиясынын негизги жана жогорку башкаруучусу, Корея эмгекчил партиясынын борбордук комитетинин биринчи секретары, 2012-жылдан тарта Түндүк Корея маршалы Ким Чен Ын Пхеньянда Түндүк Кореянын башкаруучусу жана мураскери Ким Ир Сен - келечектеги Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ир жана анын үчүнчү аялы Ко Ен Хинин үй-бүлөсүндө туулган. Эң кичүү уулу болгон. Ким Чен Ындын туулган жылы мындан да кийинчерээк болушу мүмкүн. Төрөлгөндүгү тууралуу так маалыматтардын жоктугун Түндүк Кореянын лидери өзүнүн жашынан улуу көрүнгүсү келгендиги менен түшүндүрүп келишет. Ал эми Түштүк Кореянын чалгынчылары Түндүк Кореянын лидери 1983-жылы 8-январда туулган деген тыянакка токтошкон. Түштүк Кореянын чалгынчы тобу белгилеп өткөндөй, Ким Чен Ын Швейцариядагы Берне аттуу эл аралык мектепти аяктаган. 2002-жылдан тарта Ким Ир Сен атындагы университетте жана Ким Ир Сен атындагы аскердик университеттерде окуган. Ким Чен Ир өлгөндөн кийин үчүнчү баласы Ким Чен Ын мыйзамдуу түрдө "мураскер" болгон. Дүйнөдөгү эң жаш, таасирдүү башкаруучу. "Time" журналынын окумуштууларынын тандоосу менен 2012-жылдын адамы деп табылган. 
2006-жылы массалык маалымат каражаттарында Ким Чен Ындын сүрөтү түшүрүлгөн баракчалар Корея эмгекчил партиясына таратылган, ошондон улам Ким Чен Ын атасынын мураскери деген сөздөр тарашына жол түзүлгөн. 2008-жылы 26 жаштагы Ким Чен Ынга Пхеньян шаарында өзүнчө резиденция курула баштаган. Ал эми Ким Чен Ындын такка отуруу аземи, башта айтылгандай, 2009-жылы эмес, 2007-жылы январь айларында болгон. 2009-жылдын апрель айларында түштүк кореялык агентстволордун бири "Енхаптын" билдирүүсүндө, Ким Түндүк Кореянын Улуттук коргоо советинин мүчөсү. 2010-жылдын январь айларында маалымат булактарында Түндүк Корея өкмөтү 8-январь Ким Чен Ындын туулган күнүн Кореянын улуттук майрамы деп белгилегендиги тууралуу жазып чыгышкан. Мындай кадамдардан улам Ким Чен Ын бийликти өзүнүн баласына өткөрүп берет деген тыянак чыгарса болот. Ал эми 2010-жылдын 27-сентябрында армиянын генералы деген наамга татыган.
Ким Чен Ир 2011-жылдын 17-декабрында жүрөк оорусунан каза болгон, бирок ал тууралуу эки күн өткөндөн кийин гана маалымдалган. 24-декабрда борбордук басмаканалардын биринен басылган "Нодон синмун" гезитинде Ким Чен Ын эң биринчи болуп Корея элдик армиясынын, жогорку негизги башкаруучусу болгондугу жазылып, ага мындай ант берилген: "Биз Ким Чен Ынды биздин жогорку негизги башкаруучубуз жана лидерибиз деп атоого каныбыз жана көз жашыбыз менен ант беребиз". 31-декабрь күнү Кореянын эмгекчил партиясы аны өлкөнүн куралдуу күчтөр башкармалыгынын негизги башкаруучусу кылып шайлаган. Түндүк Кореянын башкаруучусу болор замат аны көпчүлүк Михаил Горбачёв менен салыштырышкан. Ал эми "Би-Би-Синин" билдирүүсүндө өлкөнү башкарууну Ким Чен Ын агасы Чан Сон Тхэк менен бөлүшмөкчү (кийинчерээк ал өлүм жазасына тартылып кеткен). Ким Чен Ын эл алдына биринчи жолу 2012-жылы 15-апрелде Ким Ир Сендин 100-жылдыгына арналган аскердик жүрүштө сүйлөгөн. 
Ким Чен Ын өлкө башында турганда 2012-жылдардын аягында Түндүк Корея космостук державага кирген. 2013-жылы февралда Түндүк Корея өзүнүн тарыхтагы үчүнчү жолку ядролук сыноосун өткөргөн. 2013-жылы 8-мартта Түндүк Корея жетекчилиги Түштүк Корея менен болгон "Кол тийбестик" келишимди жокко чыгарышкан. Бул келишим 1953-жылы Корея согушу аяктаганда түзүлгөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан