9- Январь 1931 -жылы Кытайлык заманбап түрколог Мухаммед Ху Чжэнхуа туулган
Кытайлык заманбап түрколог, кыргыз таануучу, манас таануучу, профессор Мухаммед Ху Чжэнхуа Кытайдын Шандун вилайетинде туулган. Теги дунган. “Манас” орденинин ээси, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги.
Ал системдүү мектептерде таалим алып, Кытай социалисттик өлкөгө айланаардан мурда, 1949-жылы июлда, коммунисттик көңтөрүштүк кызматтарга катышкан.
1948-жылдан 1953-жылга чейин болгон аралыкта Нанжиң чыгыш тилдер мектебинде арап тилин, Шандоң унверситетинде орус тилин, борбордук улуттар институтунда уйгур тилин үйрөнгөн. 1953-жылы окуусун бүтүрүп, Бээжиндеги Борбордук улуттар институтунда мугалим болуп калган. 1953-жылдан баштап Чыгыш Теңир-Тоонун түндүк-түштүгүндөгү кыргыз айылдарын аралап, кытайлык кыргыз тилин үйрөнүп, алардын тили, фольклору, дастандары, тарыхына байланыштуу көптөгөн материалдарды жыйнаган.
Профессор Ху Чжэнхуа кыргыз тил-маданиятын изилдөө жаатында эмгеги сиӊген инсан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан