9- Январь 1918 -жылы
франциялык ойлоп табуучу, мугалим Эмиль Рено каза болгон
Франциялык ойлоп табуучу, мугалим Эмиль Рено Иври-сюр-Сен шаарында каза болгон.
Биринчи мультипликациялык тасманын жаратуучусу, франциялык ойлоп табуучу, мугалим Эмиль Рено 1844-жылы 8-декабрда Монтрёйдо туулган. 1858-жылдан баштап ал оптикалык инструменттерди оңдоону үйрөнө баштаган. Париждеги Адам Саламон аттуу сүрөтчү-портретисттин ассистенти болуп иштеген.
1876-жылы Рено айланган барабанга оролгон кагаз лентасындагы сүрөттөрдү көрүүгө праксиноскопту ойлоп тапкан. Сүрөт күзгүдө көрүнчү. Эки жыл өткөн соң аны сүрөттү экранда көрсөтө тургандай кылып жасаган.