9- Январь 1863 -жылы дүйнөдөгү эң биринчи метро Лондондо ачылган
Британиянын баш калаасы Лондондо дүйнөдөгү эң биринчи метро ачылып, ал Паддингтон станциясынан Фэррингтонго каттаган. Алгачкы метро каттамы 1854-жылы түзүлгөн "Метрополитен темир жолдору" аттуу жеке менчик компания тарабынан салынган. Бул долбоордун негизги максаты Паддингтон, Юстон жана Киңс Кросс станцияларын шаардын бизнес борбору менен туташтыруу болгон.
Жаңы темир жол каттамына кызыгуу эбегейсиз чоң болуп, Лондон тургундары анын ичинде жүрүү үчүн узун кезекке турушкан. 1900-жылдан кийин метро тармагын кеңейтүүгө башка компаниялар дагы тартылган. "Тюб мэп" же мертонун картасы 1931-жылы англис инженери Харри Бэк тарабынан түзүлгөн. 1933-жылы метронун картасы 750 миң нускада басылып чыгарылган. II Дүйнөлүк согушу учурунда британдыктар Лондондун жер алдындагы темир жол байланышын бомбадан коргонуу жайы катары да пайдаланышкан.
Бүгүнкү күнү Лондон метросунда 11 линия иштейт. Алар шаардын ичин жана айланасындагы райондорду байланыштырып турат. Дүйнөдөгү эң эски метро болгондуктан, андагы оңдоо иштери дагы токтобойт.
1863-жылдан бери метродо көптөгөн өзгөрүүлөр болгон. Азыркы учурда Лондон метросу күнүнө 3 миллион жүргүнчүнү ташыйт. 275 станциясы бар. Метронун 150 жылдык мааракеси 2013-жылы Британияда жыл бою ар түрдүү иш-чаралар менен белгиленген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан