10- Январь 1913 -жылы Чехословакиянын акыркы президенти Густав Гусак туулган
Чехословакиянын акыркы президенти Густав Гусак Братиславанын Дубравка аймагында төрөлгөн. 16 жашында Коммунисттик жаштар уюмунун, 1933-жылы студент кезинде Чехословакиянын Компартиясынын мүчөсү болгон. Экинчи дүйнөлүк согушта словакиялык фашисттик мамлекетке каршы чыгып, социалисттик көз карашты жактагандыгы үчүн төрт жолу камалып, кайра коё берилген. 1948-жылы өкмөткө коммунисттер келгенде карьерасын бат жасаган, бирок 1950-жылы буржуазиялык улутчулдук боюнча айыпталып, 1951-жылы камакка алынган. 1954-жылы өмүр бою эркинен ажыратылган. 1963-жылы ошол кездеги президент тарабынан бошотулган. 1968-жылы Брежневдин тарабына өтүп кеткен. 1969-жылы биринчи болуп Коммунисттик партиянын катчысы болот. 1975-жылдын 29-майынан 1989-жылдын 10-декабрына чейин Чехословакиянын президенти болгон.
Густав Гусак 1991-жылы 18-ноябрда кайтыш болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан