12- Январь 1941 -жылы ырчы жана обончу Рыспай Абдыкадыров туулган
Ырчы жана обончу Рыспай Абдыкадыров Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кызыл-Булак айылында туулган. Бала кезинен музыкага шыктуу Рыспай Абдыкадыров 1963-жылы Ош педагогикалык окуу жайын бүтүргөн.
Өзүнүн эмгек жолун Кара-Кулжа элдик театрында, Жалал-Абад театрында баштаган. Ошол жерде иштеп жүргөн мезгилде кургак учук оорусуна кабылып, оорусуна байланыштуу борбордогу филармонияга келип иштеп калган.
Кыргыз музыка дүйнөсүндө чоң из калтырган атактуу обончу, аткаруучу Рыспай Абдыкадыров "Алмашым", "Түгөйүм", "Сагынуу", "Издейм сени", "Алтынчы күнү кечинде", "Жүрөктү кетпе жаралап" деген ырлары менен калың элдин катмарына сиңип, улуу-кичүүнүн жүрөгүнөн орун алган.
1988-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти деген наам алган соң "Ырларым менин тагдырым" аттуу ырлар жыйнагы жарык көргөн. Р.Абдыкадыров 360 чамалуу обон жаратып, чыгармалардын 126сы калк арасына тарап, айрым обондор кыргыз музыкасынын Алтын фондуна алынган.
Рыспай Абдыкадыров 1994-жылы 12-сентябрда көпкө созулган оорунун айынан көз жумган. Көз жумганына сегиз күн болгонунда гана ырчынын эмгеги бааланып, 1994-жылы 20-сентябрда Эл агартуунун отличниги деген наам берилген. Ошол эле жылдын ноябрь айында Ош филармониясындагы Кара-Кулжа музыкалык окуу жайына ысымы ыйгарылган. 1997-жылы 12-январда Сулайман-Тоодогу ырчынын бейитине эстелик коюлуп, кийин ырчынын Ош филармониясынын алдына эстелиги орнотулуп, коомдук фонд да уюштурулган. Рыспай Абдыкадыровго Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы тирүү кезинде берилбей калган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан