13- Январь 1989 -жылы
Орусиялык актёр Александр Головин туулган
“Ералаш” киножурналындагы, ошондой эле "Сволочи", "Ёлки" тасмасындагы жана "Кадетство" сериалындагы ролдору аркылуу белгилүү болгон орусиялык актёр Александр Головин Чехияда төрөлгөн. Атактуу актёр болуу Сашанын балалыгындагы кыялы болгон. Белгилүү “Ералаш” киножурналында жөнөкөй бала Санёктун образын жараткан Александр Головин бул тасмага “Ералаштын” дагы бир каарманы Аня Цуканованын жардамы менен келип, актёрлук кесипке алгачкы кадамын таштаган. Тамашалуу киножурналга тартылуучулардын баары эле жаш балдар болгондуктан, шериктерин өздөрүнө тандатып коюшчу. Ошондо Аня Сашаны тандаган экен. Ал кезде Саша болгону 9 жашта болсо да, режиссёрлордун купулуна толгон роль жарата алган. Бул тасмалар атактуулукка жетелеген жол болуп, аты эл оозуна алына баштайт. Мындан көп узабай эле 10 жаш курагында “Бледнолицый лжец” фильмине тартылган. Андан тышкары “Сволочи”, “Кадеты”, “Повелитель луж” фильмдеринде баш каармандардын ролун аткарган. Андан тышкары Саша “Норд-Ост” мюзиклында дагы ойногон.