14- Январь 1994 -жылы швейцариялык ишкер Зино Давидофф көз жумган
Швейцариялык ишкер, “Davidoff” (тамеки, кофе, парфюмерия...) компаниясынын негиздөөчүсү Зино Давидофф Женевада көз жумган.
Зино Давидофф 1906-жылы 11-мартта Украинанын Новгород-Северский шаарында туулган. Ал төрөлгөндөн кийин үй-бүлөсү Киевге, 1911-жылы болсо Швейцарияга көчүп кетип, 1912-жылы тамеки сатуучу дүкөн ачкан. Зино Давидофф 1924-жылы мектепти аяктап, Латын Америкасына тамеки бизнесин изилдөө үчүн жөнөгөн. Аргентина, Бразилия, Кубага барып, 2 жыл тамеки талааларында иштеген. Швейцарияга 1930-жылы кайтып келип, ата-энесинин дүкөнүн өз колуна алган. Убакыттын өтүшү менен кадимки тамеки саткан дүкөн ири компанияга айланып, экинчи дүйнөлүк согуштан кийин көп жетишкендиктерге жеткен.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан