14- Январь 1951 -жылы Жеке ишкер Табылды Эгембердиев туулган
Жеке ишкер Табылды Эгембердиев Нарын облусунун Жумгал районундагы Жумгал айылында туулган. Ал 1972-жылы Фрунзе политехникалык институтунун курулуш факультетин аяктаган.
1992-жылы "Шоро" жабык акционердик коомун негиздеген жана алкоголсуз ичимдиктерди өндүрүү ишин жайылткан.
2011-жылы Бишкектин чет жагында "Супара" этнографиялык комплексин түзгөн.
2011-жылдан тартып Ордо федерациясынын президенти болуп иштеген. Базар экономикасынын шарттарындагы жемиштүү эмгеги үчүн "Даңк" медалына ээ болгон.
Табылды Эгембердиев 2015-жылы 16-майда узакка созулган оорудан улам көз жумган. Ишкерди жерге берүү зыйнаты "Супара" этно-комплексинде 19-май күнү болуп өткөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан