Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Жайык айылынан 5 киши ат минип алып, мал издейбиз деп чыккан бойдон кайтып келген эмес. Алардын изи Тас-Бел жайытына чейин барып, андан ары табылган эмес. Айылдыктар ал жакта кар көчкү түшкөнүн аныкташкан. Жыйынтыгында 5 тургунду кар көчкү басып калып каза табышкан.