27- Январь 1887 -жылы Франциянын сыймыгы эсептелген Эйфел мунарасынын курулушу башталган
Франциянын сыймыгы эсептелген Эйфел мунарасынын курулушу башталып, ал катуу ылдамдык менен жүрүп турган. Ага керектелүүчү бардык элементтер жана темир-тезектер өтө так өлчөмдө өлчөнүп, Эйфелдин өзүнүн заводунда жасалган. Мунара 18 миң элементтен туруп, 2 миллион кадоолор (заклепки) менен кадалган жана жалпы салмагы 10 миң тоннаны түзгөн. Оор түйүндөр жогору жакка атайын буу крандарынын жардамы менен чыгарылып турган.
Курулушта бир убакытта 250 жумушчу эң жогорку бийиктикте жайдын аптаптуу ысык күндөрүндө да, кыш чилдесинин ызгаардуу суугунда да тынбай иштешкен. Ошол 5 жыл убактынын ичинде бир гана кокустук болуп, италиялык бир жумушчу мунарадан учуп өлгөн. 
1887-жылдын 7-декабрына чейин 57 метр болгон мунаранын 1-кабаты гана бүткөрүлүп, 1888-жылдын 14-августуна карата 115 метр бийиктикте жайгашкан 2-кабаты курулуп бүткөрүлгөн. 1889-жылдын 31-мартында бийиктиги 300 метр бийиктиктеги гигант курулуш аяктаган.
Кабаттарга туристтерди алып чыгуу үчүн вертикалдык лифттер керектелген. 1 жана 2-кабаттарга ар ким өз аягы менен тепкичтер аркылуу деле чыкса болмок. Ар бири 80ден адам батырган 3 эки ярустуу лифт 2-кабат менен мунаранын ортосун бириктирип каттап турган. Дагы бир эки кабиналуу лифт туристтерди 3-кабатка жана эң чокусуна жеткирген. Эң алгач ал лифттер гидравликанын жардамы аркасында иштеген болсо, кийинчерээк электр кыймылдаткычтары менен алмаштырылган.
Париждин борборунда кандайдыр бир жагымсыз темир курулуштун башталарын угушкан көптөгөн маданият ишмерлери кыжаалат боло баштаган жана 1887-жылдын февраль айынын орто ченинде Александр Дюма уулу менен, Ги де Мопассан Шарл Гуно баш болгон кырктай адам бул мунаранын курулушуна каршы Петиция (“Петиция протеста”) жазып, аны басма бетине жарыялашат. Ал Петицияда алар бул мунара же болбосо Темир түтүктөр Париждин керемет касиетин бузат, бул уят! – деп көрсөтүшкөн. 
Курулуш бүткөрүлүп, мунаранын тегерегиндеги талаш-тартыш сөздөр акырындап өчүп жок болгон. Ошончо жактырбоолорго карабай Улуу архитектуралык монумент болуп калган. Эйфелдин жаратып кеткени ушул күнгө чейин көптөгөн акын, композитор жана сүрөтчүлөрдүн көрүнүктүү эмгектерди жаратуусуна шык берип келет.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан