27- Январь 1967 -жылы
америкалык астронавт Эдвард Уайт каза болгон
Америкалык астронавт Эдвард Уайт 36 жашында "Аполлон-1" космостук кораблин сыноодон өткөрүү учурунда чыккан өрттөн улам каза болгон.
Эдвард Уайт 1930-жылы 14-ноябрда АКШнын Техас штатындагы Сан-Антонио шаарында туулган. Ал 1965-жылы 3-июнда ачык космоско чыгып, ачык космоско чыккан АКШнын биринчи астронавты катары тарыхта калган.