1- Август 1984 -жылы
немис футболчусу Бастиан Швайнштайгер төрөлгөн
Немис футболчусу Бастиан Швайнштайгер төрөлгөн. Германиянын курама командасында 2004-2016-жыл аралыктарында ойноп, команданын капитаны болгон. Аны менен Дүйнө чемпиону болгон, жалпы Германия курама командасы менен 121 оюнга катышып 21 гол жараткан.
Клубдук карьерасын Германиянын күчтүү клубдарынын бири “Бавария Мюнхенде” 2000-жылы ойноп баштаган. Бастиан Швайнштайгер “Бавария” клубунда 342 беттешке катышып 45 гол киргизгенге үлгүргөн. Аны менен 8 ирет Германия чемпиондугунун, 7 ирет Германия кубогунун, 1 жолу Чемпиондор лигасынын, 1 жолу УЕФАнын Суперкубогунун жана клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун жана башка мелдештердин жеңүүчүсү болгон.
2015-жылы Бастиан Швайнштайгер Англиялык “Манчестер Юнайтед” командасына өтүп, 18 оюнга катышкан. “МЮ” менен Швайнштайгер Англиянын кубогун жеңген.
2017-жылы Бастиан Швайнштайгер карьерасын АКШлык “Чикаго Файр” футболдук клубунда улантып, учурда аталган футболдук клубунда ойноп келет.