Балыкчы шаарына жакын жерде BMW үлгүсүндөгү унаадан чыккан 2 кылмышкер артынан кууп келген милиция кызматкерлерине ок чыгарган. Милиция кызматкерлеринин бири каза болуп, экинчиси оор жаракат алган. Аларды аткан кылмышкерлер Заур Магомедов менен Бердимурат Арчаев Кызыл-Жардагы психиатриялык ооруканадан качып чыгып, кылмышка барып жүргөндөрү белгилүү болгон. Кийинчерээк ал жана анын шериги Бердимурат Арчаев колго түшүрүүдө каршылык көрсөткөндүгү үчүн укук коргоо кызматкерлери тарабынан жок кылынган.