9- Февраль 1773 -жылы
АКШнын 9-президенти Уильям Генри туулган
АКШнын 9-президенти, көз карандысыздык үчүн согушуна чейинки төрөлгөн акыркы президент Уильям Генри Гаррисон туулган. Анын атасы америка саясатына активдүү катышкан плантатор болгон. Уильям Генри 1791-жылы аскерде кызмат өтөп, генерал Уэйндин адьютанты болгон. 1798-жылы отставкага кетип, саясатка аралашып баштаган. Индиананын губернатору болуудан баштаган Генри 1816-1819-жылдары Огайонун өкүлдөр палатасынын мүчөсү жана 1824-1828-жылдары сенатор болууга жетишкен. 1836-жылы президенттик шайлоодо талапкерлигин коюп, жеңилип калган. Бирок кийинки жолу 1840-жылы президенттикке ат салышканында толук жеңишке жетишип, эл башына 68 жашында келген. 4-март күнү аба ырайынын сууктугуна карабай 2 саат бою Американын тарыхындагы эң узун инаугурация сөзүн сүйлөгөн. Ал күндүн суугунан кабылган оорусу өтүшүп кетип, абалы начарлап, оорунун айынан 1841-жылы 4-апрелде каза тапкан. Гаррисон АКШ бийлигинде болгону 32 күн, 12 саат жана 30 мүнөт турган жана ал президенттик кызматта туруп каза болгон биринчи президент болгон.