9- Февраль 1450 -жылы
XV кылымдын эң сулуу айымдарынын бири Агнесса Сорель көз жумган
XV кылымдын эң сулуу айымдарынын бири Агнесса Сорель тынымсыз бураган ич оорусунун айынан көз жумган. Аны падыша Карл VIIнин мураскер уулу ууландырганы далилденбесе да айдан ачык билинген. Агнесса Сорель Франциянын падышасы Карл VIIнин сүймөнчүгү болгон.
Падышанын аялы Италияга узак убакытка бара жатып апасы ханыша Иоланданы карап туруу үчүн жаш Агнессаны таштап кетет. Иоланда кыздын акылын жана адамды өзүнө тартып турган өзгөчө касиетин байкап, аны өзүнүн кызыкчылыгы үчүн пайдаланууну чечет. Агнессанын кундуз чачы, көгүлтүр көздөрү, оймок оозу, көрктүү көкүрөгү бара-бара падышаны арбай баштайт. Көп өтпөй падыша менен кыздын сүйүү мамилелери короонун баарына билинет, бир гана ханыша эч нерседен шек санабайт. Бир жолу кечинде күйөөсүнүн ачык көкүрөктүү Агнесса менен сейилдеп жүргөнүнө өзү күбө болуп калат да, ошондон баштап экөөнүн мамилеси ага да маалым болот. Бирок, ак көңүл жана акылдуу ханыша күйөөсүнүн өзүнүн көзүнө чөп салганын кечирип, тескерисинче, күйөөсүнүн ойношу менен курбу болуп алат. Экөөнүн чогуу сейилдеп, чогуу тамактанганы Карл VIIни кубанткан. Экөөнүн мамилеси ачыкка чыгып, Агнесса падышадан төрт кыз төрөгөн.