10- Февраль 1837 -жылы
үлуу орус акыны Александр Пушкин көз жумган
Улуу орус акыны Александр Сергеевич Пушкин көз жумган. Ал 1799-жылы 6-июнда Москва шаарында дворяниндин үй-бүлөсүндө туулган. Атасы аскер адамы, эс алууга чыккан майор болгон. Таятасы түбү эфиопиялык кара мусулман болуп, Петр Iнин кол башчысы, генерал Ганнибал, декабристтерге ылым санаган либерал акын аталган. Пушкин төрөлгөн күнү император Павел да кыздуу болгонуна байланыштуу анын урматына күнү кечке тынбай бардык чиркөөлөр жандуу иштеп, сыйынып-чокунгандарды чиркөө коңгуроолору коштоп турган. Ошондой кокустук менен дал келип калган орустун улуу гений акынынын туулган күнү жалпы элдик майрам катары кабылданып кеткен. 1836-жылдын кышында Пушкиндин көрө албас душмандары, ак сөөк петербургчулар акындын аялы падыша менен байланышкандыгы тууралуу ыплас ушак таратып жиберишет. Аны менен эле тим болуп калышпай, учурдан пайдаланган француз "келгини" Дантес жүзү каралык менен акындын аялы Наталья Николаевнага сугун артканы билинет. Өзүнүн бийик адамдык, акындык даражасын коргоп калуу максатында Пушкин Дантести 1837-жылы 27-январда Петербургдун жанындагы Кара дайра деген жерге дуэлге чакырган. Айрым маалыматтар боюнча, Дантестин огунан оор жаракат алган Пушкин эки күндөн кийин жарык дүйнө менен кош айтышат. Ал эми көпчүлүк маалымат булактарында Александр Сергеевич Пушкин 10-февралда көз жумган деп айтылат. Акын В.Жуковскийдин "орус поэзиясынын күнү батып кетти" деп жар салып жазганы бар. "Ар кандай элдик толкундоо болуп кетет" деп чочуган падыша акындын сөөгүн Петербургдан жашыруун алып чыгууга буйрук берген. Пушкиндин сөөгү Михайлов деген кыштакчанын жанындагы Святогорск монастрына караштуу көрүстөнгө жашырылган.