10- Февраль 1941 -жылы акын, жазуучу Улан Токомбаев туулган
Акын, жазуучу Улан Токомбаев Күрөңкеев айылында туулган. 1967-жылы Москвадагы ВГИКтин сценарий факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1958-жылы "Кыргызавтомаш" заводунда аспапты борборго тактап орнотуучу болуп иштөөдөн баштап, 1959-жылы приборлорду куруу заводуна которулган.
1967-жылдан тартып Кыргыз ССРинин Мамлекеттик телерадиокомитетинде улук киноредактор,
1968-жылы "Кыргызтелефильм" студиясында башкы редактор, 1973-1976-жылдары "Литературный Киргизстан" журналынын жооптуу катчысы, 1978-жылы "Кыргызтелефильмдин" башкы редакторунун орун басары жана студиянын режиссёру болгон.
Биринчи повесттер жана аңгемелер жыйнагы "Самый счастливый человек" деген ат менен 1977-жылы басылып чыккан.
Ырлары республиканын жана КМШнын башка республикаларынын мезгилдүү басма сөз басылмаларында үзбөй жарыяланып келген. "Коридор", "Моя Азия", "Раненое сердце", "Ата Журт", "Прерванный полёт", "Мекен", "Моя республика", "Наркомания и плач по будущему" жана башка фильмдерди тарткан. Ал бир катар толук метраждуу жана кыска метраждуу телефильмдердин, киноповесттердин сценарийлеринин автору.
1994-жылдын аяк ченинен баштап, "Я против" автордук программаны алып барган жана, "Энциклопедия кыргызского искусства" аттуу фундаменталдуу телекино долбоорунун автору, жетекчиси, "От А до Я" аттуу интеллектуалдык телевизиондук программанын автору, "Кыргызтелефильм" студиясында директор, башкы редактор, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиокорпорациясынын коллегиясынын мүчөсү, 1969-жылдан Кинематографисттер союзунун, 1982-жылдан СССР Журналисттер союзунун мүчөсү, 1979-жылдан Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланып, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери наамы берилген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан