23- Февраль 1975 -жылы
VI чакырылыштагы КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова төрөлгөн
VI чакырылыштагы КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова Нарын облусунун Ат Башы районунун Ак-Моюн айылында төрөлгөн.
Жогорку билимдүү. 1998-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин журналистика адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун 1992-1993-жылдары Ат-Башы районундагы Бирлик айылындагы Маадабай дыйкан чарбасына жумушчу болуп иштөөдөн баштаган.
2012-2015 жылдары Бишкек шаардык мэриясынын №3 муниципалдык аймактык башкармалыгынын жетекчиси болуп турган.
2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.