ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын түштүк аймактык башчысы, милициянын полковниги Толкунбек Шоноев Ош шаарында туулган. 1994-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМинин Бишкектеги жогорку мектебине тапшырып, жогорку окуу жайын 1998-жылы аяктаган.
1998-жылдан тарта Ош Облусунун Алай райондук ИИБинин кызматкери, андан соң Ош шаарынын ИИБинин опер кызматери болуп иштеген.
2003-жылы Ош ИИБинин мүлктүк кылмыштарды ачуу боюнча бөлүм начальниги болуп дайындалган;
2006-жылы Ош шаардык ИИБинин кылмыш-иликтөө бөлүмүнүн уюшкан кылмыштуулукка каршы бөлүм башчысы болуп иштеген;
2006-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМинин улук опер кызматкерлигине которулган;
2009-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын ИИМинин кылмыш-иликтөө бөлүмүнүн Уюшкан кылмыштуулукка каршы башкы башкармалыгынын начальниги болуп дайындалган;
2011-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын ИИМинин Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары боюнча бандитизм, буюртма адам өлтүрүү жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын начальниги кызматын аркалап келген.
Ага "Эрдик" медалы, 3-даражадагы "Азамат" медалы, Кыргыз Республикасынын ИИМинин уюшкан кылмыштуулукка каршы башкы башкармалыгынын юбилейлик медалы, Макаров ок атуучу өздүк пистолети жана башка бир катар төш белгилер жана медалдар ыйгарылган.
2013-жылы 11-январда кечке жуук Толкунбек Шоноевди белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. Ал жумуштан чыгып, кызматтык автоунаасы менен Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы үйүнүн жанына келгенде ага кылмышкерлер бир нече ок атышкан. 9 жолу ок атылып, анын бешөөсү денесине тийген полковник каза болгон.