25- Февраль 2010 -жылы Виктор Янукович Украинанын президенти болуп шайланган
Виктор Янукович Украинанын президенти болуп шайланып, 2014-жылы 22-февралда кызматтан кетүүгө мажбур болгон.
Украиналык мамлекеттик жана саясий ишмер Виктор Янукович 1950-жылы 9-июлда Донецк областында төрөлгөн. Анын атасы паровоз машинисти болгон. Апасы Виктор эки жашка чыга элегинде эле көз жумган. Анын эмгек жолу 1969-жылы Донбасста газ ширетүүчү болуп иштөө менен башталган.
17 жана 19 жашында эки жолу негизсиз соттолгон. Кылмыш курамынын жоктугунан 1978-жылы Донецк областтык соту эки чечимди тең жокко чыгарган.
1973-жылы Енакиев тоо техникумун, 1980-жылы Донецк политехникалык институтун автомобиль жана авточарба адистиги боюнча аяктаган.
Янукович кызмат орунга биринчи жолу 26 жашында отурган. Ал "Оржоникидзекөмүр" ишканасынын автомекемесин жетектеген. Анан "Донбастрансремонт", "Укруглепромтранс" жана Донбасс автотранспорт бирикмесинде иштеген. 
1996-жылы Донбасс областынын администрациясынын жетекчисинин орун басары, 1997-жылдан администрацияны жетектеп келген. Ошону менен катар эле областтык кеңешке депутат болуп иштеген.
Виктор Янукович 2001-жылы Украина тышкы соода академиясын аяктаган. Ал экономика илиминин доктору, профессор, академик. Украина Илимдер улуттук академиясынын Президиумуна мүчө. Улуттук олимпиада комитетин жетектеген. Украинанын транспортко эмгек сиңирген кызматкери.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан