Мун сектасынын негиздөөчүсү Мун Сан Мён Түштүк Кореяда туулган. Мун үй-бүлөдө 11 бир туугандын экинчиси болгон. Расмий түрдө 2 жолу, айрым булактар боюнча 5 жолу үйлөнгөнү айтылат. 14 баласы, 40 небереси бар. Мун Сан Мён дүйнөгө миллиардер, медиамагнат жана диний ишмер катары белгилүү болгон. Ал буга чейин коомдук коопсуздукту бузуу, сексуалдык, салыкты жашыруу сыяктуу кылмыштар менен бир нече жолу түрмөгө отуруп чыккан. Мун Сан Мён "Вашингтон Таймс", "Ньюс Уорлд Коммуникэйшнс", "Юнайтед Пресс Интернешнл" сыяктуу медиа дөө-шааларынын ээси болуп, бир катар курал-жарак, курулуш компанияларын жетектеген. Бүткүл диндерди бириктирүүнү көздөгөн Биригүү чиркөөсүн (Церковь объединения) 1954-жылы Түштүк Кореянын Сеул шаарында негиздеген. Аталган уюм дүйнөдөгү эң бай ошол эле учурда эң чуулгандуу диний кыймыл катары абдан белгилүү. Көптөгөн адабияттарда Биригүү чиркөөсү деп аталган кыймыл деструктивдүү жана тоталитардык секта катары шөкөттөлөт.
Мунисттердин ишениминде, Мун Ён Мёнго (Мундун туулгандагы аты) 15 жашында Иисус Христос, Конфуций, Лао Цзы, Будда жана Мухаммед пайгамбар көзүнө көрүнүп, адамзатты сактап калуу миссиясын тапшырат. Ошондон кийин атын Мун Сан Мён (англисчеден кыргызчага которгондо Ай Күн Адам деген маанини билдирет) кылып өзгөртөт. Мун адамзаттын жашоосун үч баскычка бөлөт. Биринчи баскыч, "Авраамдын доору" - адамзаттын пайда болушу, экинчи баскыч, "Иисустун доору" - адамзаттын өнүгүп, азыркы цивилизацияга жетиши жана үчүнчү баскыч, "Мундун доору" - Мун Сан Мён Иисус Христос түзө албаган "Чыныгы үй-бүлө" курууну ыйык миссиям деп эсептейт. Мундун окуусунун негизин "Диний принцип" деп аталган өзү жазган китеп түзөт. Биринчи жолу 1957-жылы корей тилинде жарык көргөн. 1959-жылы АКШда штаб квартира ачууга жетишет. 1960-жылы 16-мартта Мун Сан Мён Хан Хакчага баш кошот. Бул күн "Чыныгы ата-энелердин чиркөөдөгү расмий никелешүүсү" катары аябай зор мааниге ээ. Ушул окуядан кийин Мун жаштардын массалык үйлөнүүсүн бат-баттан өткөрө баштайт. Мунизмде бул жөрөлгө күнөөлөрдүн кечирилиши жана жеке өзүн сактап калууга болгон алгачкы кадам катары каралган. "Чыныгы ата-эне" болуп Мун Сан Мён менен анын аялы саналат. Мунга кирген адам өзүнүн ата-энесин, бир туугандарын унутуп, Мун менен аялын түбөлүк чыныгы ата-эне катары кабыл алышы шарт. Жылда ушул күнү "Чыныгы ата-энелер" миңдеген жаштардын никелерин кыюу ритуалын жасашат. Эң кызыгы, жубайларды чыныгы ата-энелер өздөрү тандашат. Кыскасы, кайнаса каны кошулбай турган адамдар баш кошушат. Айрым маалыматтарда кыз алгачкы нике түнүн диний лидер менен өткөрүүгө милдеттүү. Бул жубайлардын аруулануусуна жол ачат имиш. Мундун окуусунун дагы бир өзгөчөлүгү үйлөнүү үлпөт учурунда "ыйык шарап" деп аталган ичимдикти ичүү жөрөлгөсү. Аталган ичимдик атайын бекитилген бир рецепт менен жасалып, ата-тектин тазарышын билдирет. Алардын ынанымында, мындай үй-бүлөдөн төрөлгөн балдар бардык күнөөлөрдөн арылат деген түшүнүк жашайт.
1975-жылы Мундун принциптери түрлүү тилдерге которулуп дүйнөнүн 120 өлкөсүнө таркатылган. 1990-жылдан баштап Биригүү чиркөөсү Орусияда, мурунку Совет мамлекеттеринде өз ишин жүргүзө баштаган. Мун Сан Мён 1996-жылы "Үй-бүлө жана бүткүл дүйнөгө тынчтык" аттуу федерация түптөгөн. Европарламент 1984-жылы Биригүү чиркөөсүн коомчулук үчүн кооптуу деп таап, анын ишмердигине тыюу салган чектөө киргизген. 1990-жылы Мун Сан Мён Михаил Горбачев менен жолугушкан. Жолугушууда Мун өзүнүн Советтер Союзунун кайра түзүлүшүнө карата өзүнүн саясий, экономикалык идеяларын айткан. 1992-жылы Мун постсоветтик өлкөлөрдө мамлекеттик дин катары кабыл алына тургандыгын кыйыткан.
Мун Сан Мён 2012-жылы 3-сентябрда 92 жашында көз жумган.