27- Февраль 1936 -жылы орусиялык окумуштуу, физиолог Иван Павлов каза болгон
Орусиялык окумуштуу, физиолог Иван Павлов 86 жашында Ленинградда каза болгон.
Иван Павлов 1849-жылы 26-сентябрда Орусиянын Рязань шаарында туулган. Ал адамдын жана жаныбарлардын организминин кандайча иштей тургандыгы жөнүндөгү илимге - физиологияга зор салым кошкон жана нервдин иш-аракети жөнүндөгү окууну түзгөн. 1935-жылы СССРде болуп өткөн физиологдордун эл аралык конгрессинде Павловду дүйнөдөгү физиологдордун башчысы деп жарыялашкан. Ал өз өмүрүн бүтүндөй илимге жумшаган. Анын окуусу физиология, психология жана педагогиканын өнүгүшүндө чоң роль ойногон. Ал 1904-жылы медицина жана физиология жаатында "Нобель" сыйлыгына татыган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан