27- Февраль 2015 -жылы орусиялык саясатчы, мамлекеттик жана коомдук ишмер Борис Немцов каза болгон
Орусиялык саясатчы, мамлекеттик жана коомдук ишмер Борис Немцов 55 жашында каза болгон. Ал саат 23:40та Москва шаарында Кремлге жакын Чоң Москворецк (“Большой Москворецкий мост”) көпүрөсүнөн Кичи Ордынка аймагындагы үйүн көздөй жөө өтүп бараткан жеринен белгисиз кишилер тарабынан атып өлтүрүлгөн. Маалыматка караганда, ак түстөгү автоунаа менен келген кишилер алты ирет ок атып, анын төртөө Б.Немцовго тийип, ал дароо жан берген.
Орусия өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары (1997-1998), Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты (1999-2003), Ярослав облустук Думасынын 6-чакырылыштагы курамынын депутаты (2013), “Орусиянын Республикалык партиясы – Эл эркиндиги партиясы” («Республиканская партия России — Партия народной свободы, РПР-ПАРНАС») аттуу партиянын тең төрагасы, физик-окумуштуу, физика илимдеринин кандидаты Борис Немцов 1959-жылдын 9-октябрында Сочиде төрөлгөн. 
1981-жылы - Лобачевский атындагы университеттин радиофизикалык факультетин аяктаган; 
1990-жылы - Орусия Советтик Федеративдик Социалисттик Республикасынын депутаты;
1991-жылы – Орусиянын президентинин Нижегород облусунун өкүлү болуп дайындалган, кийин аталган облустун губернатору болгон;
1993-жылы – Орусиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин биринчи чакырылышынын депутаты;
1995-жылы – Нижегород облусунун губернаторуна болгон шайлоодо жеңип чыккан;
1997-жылы – Орусия өкмөтүнүн биринчи вице-премьер-министри;
1999-жылы – "Жаш Орусия" коомдук-саясий кыймылынын төрагасы;
2000-жылы – Үчүнчү чакырылыштагы Мамлекеттик Думанын төрагасынын орун басары;
2001-жылы – "Оңчул күчтөрдүн союзу" партиясынын саясий кеңешинин төрагасы;
2004-2005-жылдары – "Нефтяной" концернинин Директорлор кеңешинин төрагасы;
2005-2006-жылдары — Украинанын президенти Виктор Ющенконун штаттан тышкаркы кеңешчиси;
2007-жыл, декабрь - "Оңчул күчтөрдүн союзу" партиясы анын талапкерлигин 2008-жылы мартта боло турган Орусиянын президенттик шайлоосуна көрсөткөн. Бирок ал өз талапкерлигин Михаил Касьяновдун пайдасы үчүн алган;
2008-жылдан тарта "Оңчул күчтөрдүн союзу" партиясынан мүчөлүктөн чыгып, "Тилектештиктер" ("Солидарности") федералдык саясий кеңешинин мүчөлүгүнө шайланган;
2009-жылы - Сочи шаарынын мэрлигине талапкер болгон. Бирок шайлоочулардын 13,6 пайыз добушун гана алган.
2010-жылы - "Зомбулуксуз жана коррупциясыз Орусия үчүн" ("За Россию без произвола и коррупции") эркиндик партиясынын түзүүчүлөрүнүн бири болгон;
2012-жылы -  “Орусиянын Республикалык партиясы – Эл эркиндиги партиясы” ("Республиканская партия России — Партия народной свободы") саясий партиясынын тең төрагасы;
2013-жыл, сентябрь - Ярославск облустук думасынын депутаты.
Немцов бир нече илимий иштердин жана саясий баяндамалардын автору.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан