Америкалык инженер жана ойлоп табуучу Говард Хед 77 жаш курагында дүйнө салган.
Говард Хед АКШнын Филадельфиясында 1914-жылы 31-июлда туулган. Атасы кесиби боюнча тиш доктур болгон. Бир тууган эжеси атактуу жазуучу болгондуктан, Говард да анын жолун уланткысы келип, Гарвард университетине адабият жаатында билим алуу үчүн тапшырган. Биринчи семестрден кийин билим алып жаткан тармагы ага жакпай, техникалык факультетке которулуп кеткен. Окууну мыкты аяктап, инженердик адистикти аркалайт. Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Балтимордогу "Глен Мартин Эйркрафт Компанинин" конструктордук бөлүмүндө эмгектенген.
Говард Хед өмүрүнүн акырына чейин эки спорт түрү менен машыккан. Бири – лыжа тебүү, экинчиси – чоң теннис. Өмүрүнүн аягында ал анык триумфатор боло алган. Анын жеңиши спортто эмес, спорт түрлөрүнүн өнүгүшүнө кошкон эбегейсиз салымында болгон.
1946-жылы Говард достору менен кокустан эле лыжа тепкенге барып калат. Тоодон жыгач лыжаны тебе албаганына абдан кыжырданат. Кайра үйүнө кайтып келатып, досуна “мындан да мыкты лыжа жасай алам” деп айтып алат. Ошентип, 1948-жылы мурунку жумушунан чыгып, бир бөлмөнү ижарага алып ишке киришет. Керектүү каражаттарды покер ойноп утуп алган 6 миң доллар акчасына сатып алып, металлдан лыжа жасаганга бел байлайт. Биринчи жылы күнү-түнү иштеп, 6 жуп лыжа жасайт. Бирок анын лыжаларын биринчи көргөн эле конструктор 1 сааттын ичинде баарын сындырып салат. Кийин ал “ар бир лыжа сынганда менин жан дүйнөмдүн бир бөлүгү сынгандай эле болгон” деп эскерген. Ага жини келген инноватор кийинки эки жыл бою улам текшерүүдөн өткөрүп, 40 жуп лыжа жасап чыгат. Анын лыжасы бул ирет алюминийден жасалып, бурулууга ыңгайлуу келип, четтерине болот капталат. Бышык болушу үчүн ички көңдөйүнө фанера коюлуп, карда мыкты тайгандай асты пластиктен жасалган. Бул ирет анын лыжаларын конструкторлор сындыра албай коюшат. “Стандарт” аталышында патенттелген лыжалар Говардга “Хед Скай” фирмасын негиздегенге түрткү берет. Жыйырма жылдан кийин бул компаниясын 16 миллион долларга сатып жиберген.
Ал эми 55 жашында үйүнүн артына теннис кортун салдырып, бул спортко кызыгуусу абдан артат. Бирок Говард ушунчалык олдоксон болгондугуна байланыштуу машыктыруучусу “сен топ ыргытып берген машина сатып алып өзүнчө машык, мен сени машыктырбайм” дегенге чейин барат. Ага макул болуп, “Принс” аттуу машина сатып алат. Бирок машинанын иштегени Хедге жакпайт. Инноватор машинаны чачып көрүп, анын иштөө системин жакшыртат да, аны чыгарган фирмага жаңы технологиясын сунуштайт. Фирманын ээлери анын сунушун четке каккан соң Хед ал фирманын акцияларынын жарымын сатып алат. Бирок баары бир теннис ойноосу ойдогудай боло бербейт.
Ошентип, теннис ракеткасын чоңойтуу идеясы жаралат. Анан ал АКШнын Теннис ассоциациясынын эрежелерин кылдат карап чыгат. Чын эле ракетканын өлчөмү жөнүндө эч кандай маалымат берилбегендигин байкайт. Анан баарын жакшылап изилдеп чыгып, ошол кезде ойнолчу ракетканын өлчөмүн чоңойтот жана салмагын мурункуга караганда кыйла оорлотот. Анын бул инновациясы спорттун бул түрүнүн өнүгүшүндө чоң бурулуш болгон. “Принс ракеткасы” деп чыгарылган ракеткалар ага миллиондогон киреше алып келген. Белгилүү бир мезгилден кийин фирмасын дагы сатып салган. Ошондон бери бул эки спорт түрүндө тең Хед сатып жиберген фирмалар дүйнөлүк рынокто басымдуулук кылып келет. Бул эки инновация лыжа жана чоң теннистеги эң чоң бурулуш болгон.