6- Март 1926 -жылы прозаик, сатирик, жазуучу Касым Каимов туулган
Белгилүү прозаик, сатирик, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу Касым Каимов Талас районунун Арал айылында туулган.
Ал 1942-жылы орто мектепти бүтүп, райондук газетада жооптуу катчы болуп иштеп эмгек жолун баштаган. 1945-жылы Бишкектеги мугалимдер институтун, кийин Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунун филология бөлүмүн бүтүп, Талас облустук “Лениндик туу” газетасында котормочу, “Жаш ленинчи” журналында бөлүм башчысы, жооптуу катчы, “Кыргызстан пионери” газетасында редактор, 1956-жылдан 1959-жылга чейин “Чалкан”, “Ала-Тоо” журналында, “Кыргызфильм” киностудиясында башкы редактор, “Кыргызстан маданиятында” башкы редактор, Жазуучулар союзунун катчысы, 1978-1987-жылдары Талас облусу боюнча адабий консультант болуп үзүрлүү иштеген.
К.Каимовдун адабиятка болгон шыгы 1942-жылы башталып, ыр, фельетон, очерктери мезгилдүү басма сөз беттерине жарыяланган.
1953-жылы “Ала-Тоо” журналына “Теке сүзгөндө” аттуу сатиралык аңгемеси жарыяланып коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынган.
Жазуучунун биринчи китеби “Соңку жолугушуу” деген ат менен 1955-жылы басмадан чыккан. Ага удаалаш “Адашуу”, “Мектеп жолунда”, “Талаа жылдызы”, “Бирине-бири окшобогон күндөр”, “Кыш ыргактары”, “Белгилүү эркек”, “Ийри жылан” аттуу повесть, аңгеме, драмалар жыйнактары автордун калеминен жаралган.
Кыргыздын белгилүү залкар музыканты, ырчы жана комузчусу А.Огомбаевдин өмүр жолун көркөм сүрөттөгөн “Атай”, “Акырын күтпө” романдары идеялык-эстетикалык табылгаларга бай чыгармалар. Жазуучунун тандалган чыгармалар жыйнагы 1976-1984-1989-жылдары басмадан жарык көрдү. Анын бир канча чыгармалары орус, казак жана башка тилдерге которулган.
1980-жылдары  “Аялдык самаганы”, “Алар кутулушпайт”, “Тутка” сыяктуу чыгармалары таамай деталдуу, юморлуу манерада жазылган. Турмушта  болгон ар кыл окуялар, көйгөйлүү проблемалар кеңири баяндалып, ар түркүн мүнөздөгү тагдырлар, образдар ачык чагылдырылып сүрөттөлгөн.
Кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө кошкон салымы өкмөт, коомчулук тарабынан жогору бааланып “Эмгектеги артыкчылыгы үчүн” медалы жана “Ардак Белгиси” ордени менен сыйланган.
Касым Каимов 1989-жылы дүйнөдөн кайткан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан