13- Март 2015 -жылы
Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов каза болгон
Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов 54 жаш курагында Ысык-Көл районундагы Ананьево айылында жүрөк оорусунан каза болгон.
Мурат Саралинов 1961-жылы 22-майда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Ананьево айылында туулган.
Ал 2003-2004-жылдары Ысык-Ата районунун акими кызматын аркалаган. Ал эми 2005-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы болуп иштеген. Эркин күрөш федерациясынын президенти да болгон. 2006-жылдын январь-март айларында Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин президентинин милдетин аткарган. 2013-жылдын апрель айынан 2014-жылдын март айына чейин Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору болуп иштеген. Кезинде эркин күрөш боюнча СССРдин Спорт чебери болгон М.Саралинов Олимпиада комитетинде экинчи мөөнөткө 2014-жылы 16-июнда шайланган.