15- Март 1935 -жылы Кыргыздын чыгаан графиги, Кыргыз эл сүрөтчүсү Теодор Герцен туулган
Кыргыздын чыгаан графиги, Кыргыз эл сүрөтчүсү Теодор Герцен Талас облусунун Ленинполь районунун Орловка айылында туулган. Анын ата-энеси 1920-жылдардын аягында Кыргызстанга көчүп келишкен. Атасы Украинадан, апасы Поволжьядан келген. Сүрөтчүнүн Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Германияга таанымал, атактуу сүрөтчү болушуна анын атасы Теодор Гергардович себепкер болгон. Ал Талас өрөөнү гана эмес Кыргыз Республикасы боюнча таанымал агартуучу болгон. Ал чыныгы интеллигент, өзгөчөлөнгөн сүрөт мугалими болуп, колхоз жетекчиси катары Советтер Союзундагы эң жакшы, кеңири профилдүү колхоз музейин ачкан. Бул музейге окуучулар, колхозчулар тынымсыз келип, райондук, облустук бийлик төбөлдөрү борбордон, чет өлкөдөн келген конокторду ошол музейге сыймыктануу менен ээрчитип барып турушкан. 
1951-жылы Герцен 8-классты аяктап, окууга жөнөмөкчү болгондо спецкомендатура аны Кызыл-Кыя шаарындагы тоо-кен өнөр жай училищесинде билим алууга жөнөтөт. Училищени аяктаган соң көмүр шахтасында электровоз айдоочусу болуп иштеп калган. Ал эми 1954-жылы Фрунзе сүрөт окуу жайына тапшырып, живопись адистигине ээ болуп чыккан. Герцен устаттары белгилүү сүрөтчүлөр А.Игнатьев менен Ф.Стукошинден да көп нерсени үйрөнүп, кийин Москва жогорку сүрөт-өнөр жай училищесинен сүрөтчү-монументалист адистигин алып чыккан. Бирок паспортунда улуту немис экени көрсөтүлгөндүктөн аталган окуу жайга кирүү да оңой болгон эмес. Көшөрүп жатып окууга кирип, сүрөтчү-монументалист адистигин алган Герцен кайрадан туулган мекени Кыргызстанга кайтып келген. 
Теодор Герцен 1967-жылы СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү болгон. Ал монументалист катары мозаика жана фреска техникасында иштеп, Кемин районунун Ильич совхозунун клубундагы "Дем алуу" (1967), Кочкор районунун Соң-Көл совхозунун клубунун фойесиндеги "Жылкычылар" аттуу мозаиканы (1977), Бишкек шаарындагы "Ай-Пери" салонундагы "Аялдар" аттуу паннону жана башка көптөгөн чыгармаларды жараткан. Ошондой эле Ош кыргыз драма театрын, Киров суу сактагычын жасалгалаган. Герцен жалпысынан Кыргызстанда жүргөндө 800дөн ашык сүрөт тарткан. Мындан сырткары ал Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына, Токтогулдун 2 томдугуна, "Кыргыз эл жомокторуна", Сүйүнбай Эралиевдин, Омор Султановдун жана башка авторлордун китептерине сүрөттөрдү тарткан. Герцен экслибрис жасоодо да көп тажрыйба топтогон. Анын Ч.Айтматов, С.Токомбаева, М.Ахунбаев, Ж.Үмөтов, А.Игнатьев жана башкага жасаган экслибристери ийгиликтүү чечилген. Герцендин Талас өрөөнүнүн табиятына арналган пастелдеринин цикли кооздукту сезе билген пейзажист экенин да айгинелеп турат. Герцендин "Үрмарал суусу" (1967), "Талас тоолору" (1968), "Киров суу сактагычы" (1974), "Соң-Көлдө" (1976), "Кечки жомок" (1978), "Манастын күмбөзү" (1980), "Уулумдун портрети" (1980), "Менин өнөрканам" (1980), "Талас суусу" (1984) жана башка чыгармалары сүрөтчүлөр тарабынан жогору бааланган. Өкүнүчтүүсү, союз тараганы Таластагы Герцен музейине көңүл бурулбай, андагы сүрөттөрдүн көбү уурдалып, арзан сатылып кеткен.
Теодор Герцен 2003-жылы 29-июнда Германияда катуу оорудан дарыланып жүрүп көз жумган. Анын сөөгү 7-июлда Германиянын Хюрт шаарында жерге берилген. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан