15- Март 1994 -жылы
обончу, акын Жумамүдүн Шералиев көз жумган
Обончу, акын Жумамүдүн Шералиев 79 жашында оорудан улам көз жумган.
Жумамүдүн Шералиев 1915-жылы 3-сентябрда Ат-Башы өрөөнүнүн Туюк-Богошту айылында туулган. Ат-Башы райком комсомолунда, райаткомдо катчы, филармонияда солист, Республикалык радио уктуруу комитетинде редактор, Нарын шаардык Маданият үйүндө көркөм жетекчи, Нарын музыкалык драма театрынын музыка бөлүмүндө башчы болуп эмгектенген. Ал 500дөн ашуун ар кыл жанрдагы ырларга обон жараткан. Белгилүүлөрү: "Бактылуу жаштык", "Кыргызстан", "Нарын вальсы", "Жибек чач", "Жаш чабан", "Сулуу кыз" ж.б. 1973-жылы Жумамүдүн Шералиевге Кыргыз Эл артисти наамы ыйгарылып, Ардак Белгиси ордени жана башка медалдар менен сыйланган. Атактуу обончу жөнүндө китеп да жазылган.