Польшанын Тересполь шаарында Москва-Ницца каттамы менен бара жаткан поездде аялын чемоданга салып чек арадан алып өтүүгө аракет кылган Француз жараны кармалган. Анын аялы Орусиянын жараны болгон. Аялы үчүн шенген визасын ала албаган соң, аны чемоданга салып өтүүнү чечкен. Тересполь шаарындагы чек ара отрядында жүргүнчүнүн чоң чемоданы шек жаратып, текшерүүгө алынган.